Зидан 2018-жылдын мыкты машыктыруучусу аталды

Зидан 2018-жылдын мыкты машыктыруучусу аталды
30-Ноя. 2018, Жума, 12:05

"Реал Мадрид” клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясынын (IFFHS) версиясы боюнча 2018-жылдын мыкты клубдук адиси аталды. Зидан сурамжылоо боюнча 296 упай топтоп, “Ливерпулдун” машыктыруучусу Юрген Клоппту (109 упай экинчи орун) ашып кетти. Үчүнчү орунга "Манчестер Сити" клубунун машыктыруучусу Хосеп Гвардьола 105 упай менен татыктуу болду.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы 4-январда француз адисиЗинедин Зидан “Реалдын” башкы машыктыруучусу аталган. Анын жетекчилиги астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун, бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!