​Самбо олимпиадалык спорттун түрүнө кирди

​Самбо олимпиадалык спорттун түрүнө кирди
1-Дек. 2018, Ишемби, 10:18

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) самбону убактылуу олимпиада оюндарына кошту. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков билдиргендигин орустун ЖМКсы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык бул чечим менен самбо келечекте Олимпиада оюндарынын программасына кирип калышы толук мүмкүн. Убактылуу кабыл алуунун мөөнөтү 3 жыл катары белгиленген.

Василий Шестаков “Бүгүн бүткүл дүйнөнүн самбочулардын кыялы ишке ашты. Анткени, спорттун бул түрүн Эл аралык олимпиада комитети убактылуу кабыл алды. Көптөн күткөн жакшы кабар Токиодо өткөн МОКтун аткаруу комитетинен келди. Бул бардык самбочуларга жаңы-жыл алдындагы жакшы белек болду. Мындай чечимди самбо спорттунун 80 жылдыгына карата кабыл алышты”,- деп айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!