Антонина Шевченко UFC мелдешинде жеңишке жетишти

Антонина Шевченко UFC мелдешинде жеңишке жетишти
1-Дек. 2018, Ишемби, 11:46

Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун Лас-Вегасетагы мелдешинде Түштүк Кореянын мушкери Джи-Йон Ким менен октагонга чыкты. Бул тууралуу орусиянын ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун UFC дебюттук мелдеши жеңиш менен аяктады. Бул мелдеште жалпысынан 13 жуп беттешке чыккан. Ал эми Антонина Шевченко менен Түштүк Кореянын мушкери Джи-Йон Ким3 раунддга чейин таймашып, калыстардын жалпы чечими менен жеңиш Антонина Шевченкого ыйгарылган.

Кыргызстандык мушкердин атаандашы 29 жаштагы Түштүк Кореянын мушкери Джи Йон Ким UFC мелдештерине үч жолу катышкан. Анын экөөсүндө жеңишке жетишкен. Жалпысынын эсеп куржунунда 11 мелдеши жана 8 жеңиши бар.

Ал эми 33 жаштагы кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко ММАга 2002-жылы чыккан. Былтыркы жылы бул спорттун түрү боюнча 3 мелдешке катышкан. Ал эми UFC «Пантера» мелдешине жолдомону быйылкы жылы июнь айында “Дэйна Уайттын талапкерлер сериясында” катышып, нокаут менен жеңишке жетишкенден кийин алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!