​Зидандын уулу: “Атам жакында машыктыруучу ишин баштайт”

​Зидандын уулу: “Атам жакында машыктыруучу ишин баштайт”
1-Дек. 2018, Ишемби, 12:20

"Реал Мадрид” клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидандын уулу Энцо жакында атасы машыктыруучун ишине кирише тургандыгын “Diario AS” басылмасына билдирди. 46 жаштагы атактуу машыктыруучу 2018-жылы 31-майда “Реалдын” башкы машыктыруучу кызматынан кеткен.

Атасынын жолун жолдогон “Лозанна” клубунун жарым коргоочусу Энцо Зидан "Менин атам футболду жана машыктыруучулук кесибин абдан жакшы көрөт. Жакында ишмердүүлүгүн улантканы жатат. Учурда эс алууда. “Реалды” жетектөө жеңил болгон жок. Болгон күч-кубат, энергиясын жумшаган. Азыр баардыгы жайында”,- деп айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы 4-январда француз адиси Зинедин Зидан “Реалдын” башкы машыктыруучусу аталган. Анын жетекчилиги астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун, бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!