​Казакстандын алгачкы мушкери UFC жеңишине жетишти

​Казакстандын алгачкы мушкери UFC жеңишине жетишти
3-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 10:49

Казакстандык мушкер Дамир Исмагулов UFC жеңишке жетишкен алгачкы казак болуп калды. Австралияда өткөн Fight Night 142 мелдешинде Исмагуловдун каршылашы жергиликтүү мушкер Алекс Горджес болду.

Эсиңиздерге сала кетсек Дамир Исмагулов Оренбург шаарында туулган. Көп мелдештерде Казакстандын желеги астында чыгып келе жатат. UFC мелдешине чыкканга чейин Орусиянын M-1 Global промоушенде чемпион болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!