​“Алтын топ” сыйлыгынын ээси бүгүн аныкталат

​“Алтын топ” сыйлыгынын ээси бүгүн аныкталат
3-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 11:07

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгынын ээси бүгүн Париж шаарында аныкталат. Бул тууралуу L'Équipe басылмасы чыгарган роликти белгиленген.

3-декабрда өтө турган сыйлык тапшыруу аземине даярдык иретинде чыккан роликте үч футболчунун аты аталды. Алар хорватиялык футболчу Луке Модрич, Франция курама командасынын эки чемпиону Килиан Мбаппе жана Рафаэль Варандын аттары атталган.

Эсиңиздерге сала кетсек, сурамжылоого Европадан 52 спорттук журналисттер жана жалпы дүйнөдөн 96 журналист эң мыкты оюнчусун тандоого катышууда.

Быйылкы жылкы талапкерлер төмөндөгүдөй:

1.Килиан Мбаппе (Франция/ПСЖ)

2.Лука Модрич (Хорватия/Реал)

3.Криштиану Роналду (Португалия/Реал - Ювентус)

4.Эден Азар (Бельгия/Челси)

5.Антуан Гризманн (Франция/Атлетико)

6.Лионель Месси (Аргентина/Барселона)

7.Кевин Де Брюйне (Бельгия/Манчестер Сити)

8.Мохамед Салах (Египет/Ливерпуль)

9.Рафаэль Варан (Франция/Реал)

10.Харри Кейн (Англия/Тоттенхэм)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!