Роналду “Алтын топ” сыйлыгынын тапшыруу аземине катышпайт

Роналду “Алтын топ” сыйлыгынын тапшыруу аземине катышпайт
3-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 11:34

Бүгүн Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгынын ээси Париж шаарында аныкталат. Бул салтанатка португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун катышпай тургандыгын Испаниянын ЖМКлары жар салды. Маалыматка ылайык сурамжылоо боюнча Криштиану Роналду экинчи орунду алган.

Италиялык спорт баяндамачы Алессандро Альчато соцтармакка “Алтын топ” сыйлыгын хорватиялык футболчу Луке Модрич, экинчи орунда португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду, ал эми үчүнчү орунда "Атлетико" клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн келаткандыгын жар салды.

Учурда добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы айтыла элек

Эсиңиздерге сала кетсек, сурамжылоого Европадан 52 спорттук журналисттер жана жалпы дүйнөдөн 96 журналист эң мыкты оюнчусун тандоого катышууда.

Быйылкы жылкы талапкерлер төмөндөгүдөй:

1.Килиан Мбаппе (Франция/ПСЖ)

2.Лука Модрич (Хорватия/Реал)

3.Криштиану Роналду (Португалия/Реал - Ювентус)

4.Эден Азар (Бельгия/Челси)

5.Антуан Гризманн (Франция/Атлетико)

6.Лионель Месси (Аргентина/Барселона)

7.Кевин Де Брюйне (Бельгия/Манчестер Сити)

8.Мохамед Салах (Египет/Ливерпуль)

9.Рафаэль Варан (Франция/Реал)

10.Харри Кейн (Англия/Тоттенхэм)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Карызды жоюуга 23,7 млрд. сом жумшалган
​Карызды жоюуга 23,7 млрд. сом жумшалган
Жогорку Кеңеш даараткана жайларын оңдоо үчүн 2 млн 750 миң сомго тендер жарыялады
Жогорку Кеңеш даараткана жайларын оңдоо үчүн 2 млн 750 миң сомго тендер жарыялады
Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды
Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды
Тоок этинин пайдасы
Тоок этинин пайдасы
​Шашылыш билдирүү: 25-26-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
​Шашылыш билдирүү: 25-26-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
​Нурмагомедов Рамазан айында кандай машыгууда?(видео)
​Нурмагомедов Рамазан айында кандай машыгууда?(видео)
​3 айда 1,7 жумушчу орун түзүлдү
​3 айда 1,7 жумушчу орун түзүлдү
Коркуткан иликтөө: Эки ири мамлекет согушат!
Коркуткан иликтөө: Эки ири мамлекет согушат!
Азиз Батукаевди бошоткон судьяга айып тагылды
Азиз Батукаевди бошоткон судьяга айып тагылды
Владимир Путин ата болгону айтылууда
Владимир Путин ата болгону айтылууда
Депутат Айтмамат Назаров аткаруу бийлигине өттү
Депутат Айтмамат Назаров аткаруу бийлигине өттү
Ормонов: «Рустамов өзүнүн шоопурун эл аралык жыйындарга жиберет экен»
Ормонов: «Рустамов өзүнүн шоопурун эл аралык жыйындарга жиберет экен»
Келечектеги кесип тандоодо эмнеге көңүл бөлүү керек?
Келечектеги кесип тандоодо эмнеге көңүл бөлүү керек?
​Диего Марадона аэропортто кармалды
​Диего Марадона аэропортто кармалды
Билим берүү борборунун кызматкери пара алып жактан учурда кармалды
Билим берүү борборунун кызматкери пара алып жактан учурда кармалды
Увам каналына “Тико” үлгүсүндөгү унаа түшүп кетти
Увам каналына “Тико” үлгүсүндөгү унаа түшүп кетти