​Нурмагомедовдун кийинки атаандашы Фергюсон болот

​Нурмагомедовдун кийинки атаандашы Фергюсон болот
3-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 14:48

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы америкалык мушкер Тони Фергюссон болот. Бул тууралуу Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун президенти Дэйн Уайт билдиргендигин америкалык спорттук канал ESPN жазып чыкты.

Маалыматка ылайык спорт уюмунун жетекчиси эл күткөн экинчи суроонун дагы жообун берди: “Конор МакГрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун мелдеши 2018-жылдын эң мыктысы болду. Бул мелдеш рекорд койду. Эми Хабиб менен Тони Фергюсон дагы ушундай ийгилик алып келет. Ал эми Конор менен реваншка Дастин Пуарье чыгат”,- деди Дэйн Уайт.

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!