​"Алтын топ" сыйлыгын Лука Модрич алды

​
4-Дек. 2018, Шейшемби, 10:21

Хорватиялык футболчу, “Реал Мадрид” клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич «France Football» журналы жана ФИФА тарабынан жылдын футболчусуна берилчү «Алтын топ» сыйлыгынын ээси болду.

Экинчи орунду португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун форварды Криштиану Роналду, үчүнчү орунга Франция курама командасынын футболчусу жана “Атлетико” клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн татыктуу болду.

Акыркы 10 жылдан бери бул сыйлыкты Лионель Месси же Криштиану Роналду жеңип келген.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Алтын топ” сыйлыгынын ээси Лука Модрич 2018 - жылы мадриддик команда менен Чемпиондор лигасын үчүнчү ирет удаасы менен жеңип алышкан. Ал эми дүйнө чемпионатында Хорватия курама командасынын капитаны болгон Модрич финалга чейин жеткен. Мындан тышкары ал чемпионаттын мыкты оюнчусу аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!