​Марадона күйөрмандарга кол көтөрдү (видео)

​Марадона күйөрмандарга кол көтөрдү (видео)
4-Дек. 2018, Шейшемби, 11:39

Аргентиналык легендарлуу футболчу жана мексикалык "Дорадос" командасынын машыктыруучусу Диего Марадона кайрадан ызы-чуу ортосунда калды. "Дорадос " командасы Жогорку лигада "Атлетико Сан-Луис" командасынын жеңилип калгандан кийин Марадона күйөрмандарга кол көтөрүп, жинин чыгарып алды. "Дорадос" клубунун кызматкерлери кол көтөрүп жаткан Диего Марадонаны кармап калышты.

Эсиңиздерге сала кетсек, Диего Марадона Аргентина курама командасында ойноп, 1986-жылы дүйнө чемпионаты болгон. Атактуу футболчу "Барселона", "Наполи", "Севилья" клубдары атынан да ойноп келген. ФИФА тарабынан XX кылымдын эң мыкты футболчусу тандалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!