​Бул дүйнө чириген, мафия жана акчалуу

​Бул дүйнө чириген, мафия жана акчалуу
5-Дек. 2018, Шаршемби, 13:52

“Биз жашаган дүйнө чириген, мафия жана акчалуу” Бул тууралуу португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун карындашы Элма Авейру айтып чыкты.

Кечээ, «France Football» журналы жана ФИФА тарабынан жылдын футболчусуна берилчү «Алтын топ» сыйлыгы хорватиялык футболчу, “Реал Мадрид” клубунун жарым коргоочусу Лука Модричке берилди. Бул акыркы 10 жылдан бери бул сыйлыкты бөлүшүп келаткан Лионель Месси же Криштиану Роналдунун дооруна чекит койду.

Учурда эки атактуу футболчу үн ката элек бирок Криштиану Роналдунун карындашы өзүнүн инстаграмм баракчасына мындай деп жазды: “Биз жашаган дүйнө чириген, мафия жана акчалуу. Бирок кудайдын күчү бийик. Кудай шашкан жери жок жана жыйынтык да чыгыра элек” деп жазды


«Алтын топ» сыйлыгынын экинчи орунду португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун форварды Криштиану Роналду, үчүнчү орунга Франция курама командасынын футболчусу жана “Атлетико” клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн татыктуу болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!