​Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунга чыкты

​Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунга чыкты
5-Дек. 2018, Шаршемби, 14:15

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) рейтингинде биринчи орунда турат. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Анда соңку мелдештердин жыйынтыгынан улам The Ultimate Fighter: Heavy Hitters Finale в Лас-Вегасе ( АКШ Невада штаты)жана UFC Fight Night: dos Santos vs. Tuivasa в Аделаид шаары (Австралия). Бул мелдештерде аялдар арасында жеңил салмакта эч ким чыккан эмес. Ошондуктан кыргызстандыкмушкер Валентина Шевченкобиринчи орунда, мурдагы чемпион Никко Монтано экинчи орунда, үчүнчү орунда Кэтлин Чукогян турат.

Валентина Шевченконун алдыдагы мелдеши UFCнын мурдагы чемпиону Йоанна Енджейчик менен 8-декабрда Онтариодо (Канада) рингге чыгат.

Кыргызстандыкмушкер “Мен октагондо 100% күчүмдү жумшайм. Беттештин жыйынтыгын калыстардын чечимине калтырбаганга максат коюп жатам. Мен мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетким келет”, - деп айткан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!