​Дүйнөнүн жөө күлүгү аныкталды

​Дүйнөнүн жөө күлүгү аныкталды
6-Дек. 2018, Бейшемби, 10:21

Дүйнөнүн жөө күлүгү аныкталды

МИРБЕК КУМАКОВ

6-Дек. 2018, Бейшемби

Олимпиадалык чемпион, 34 жаштагы кениялык спортчу Элиуд Кипчоге Эл аралык жеңил атлетика федерациясы (IAAF) тарабынын “2018-жылдын эң мыкты жөө күлүгү” наамына татыды. Монакодо өткөн сыйлык тапшыруу аземинен ТАСС агентчилиги билдирди. Маалыматка ылайык Кипчоге 16-сентябрда Берлин марафонунда 42 194 метр аралыкты 2 саат 1минута 39 секундда чуркап өткөн. Ошентип ал 4 жылдын бери чемпиондукту бербей келген жердеши Деннис Киметтодон 1 мүнөт 18 секундага ашып кеткен.

Бул наамга кениялык жөө күлүктөр Тимоти Черут (1500 м), Эммануэль Корир (800 м), америкалык жөө күлүктөр Кристиан Коулман жана Ноа Лайлз (кыска дистанция), француз Кевин Майер (кыска аралык), новозеландиялык Томас Уолш талапкер болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!