​Месси менен Роналду бирге футбол көрүшөт

​Месси менен Роналду бирге футбол көрүшөт
6-Дек. 2018, Бейшемби, 10:41

Месси менен Роналду бирге футбол көрүшөт

МИРБЕК КУМАКОВ

6-Дек. 2018, Бейшемби

Испания Ла лигасында жылдар боюу атаандашкан эки атактуу футбол жылдыздары, португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду менен аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси алдыдагы дем алыш күндөрү биргеликте футбол көрүшөт. Бул тууралуу AS басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык атактуу футболчулар "Либертадорес" Кубогунун финалы “Бока Жуниорс” жана “Ривер Плейт”командаларынын беттешүүсүн көрүшөт. Бул демилгени “Реалдын” президенти Флорентино Перес көтөрүп чыккан. Беттешүү Мадрид шаарынын Сантьяго Бернабеу стадионунда өтөт.

Либертадорес Кубогу – Түштүк Американын эң башкы клубдук турнири. “Бока Жуниорс”жана “Ривер Плейт”командаларынын тиреши эл оозунда “суперклассико” деп аталып калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!