​Хабиб Нурмагомедов UFCдан кетеби?

​Хабиб Нурмагомедов UFCдан кетеби?
6-Дек. 2018, Бейшемби, 11:51

Хабиб Нурмагомедов UFCдан кетеби?

МИРБЕК КУМАКОВ

6-Дек. 2018, Бейшемби

Американын Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун жеңил салмактагы мүчөсү болгон Хабиб Нурмагомедов башка клубка өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов жар салды. Бул тууралуу орустун ЖМК жазып чыгышты. Маалыматка ылайык ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду жеңип, женил салмактагы чемпион болгондон кийин Хабибке көптөгөн сунуштар түшкөн.

Абдулманап Нурмагомедов “ Учурда Хабибдин UFC спорттук уюму менен бир мелдешке келишими бар. Бирок, бизде дагы көптөгөн сунуштар бар экендигин белгилеп кетким келет. Сөзсүз, UFCдан кийин Хабибке 3-4 балким 5 мелдешке сунуштар күтүп турат” деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!