​Златан Ибрагимович “Миланга” кетпей калды

​Златан Ибрагимович “Миланга” кетпей калды
6-Дек. 2018, Бейшемби, 13:28

Златан Ибрагимович “Миланга” кетпей калды

МИРБЕК КУМАКОВ

6-Дек. 2018, Бейшемби

"Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович италиянын “Милан” футбол клубуна кетпей калды. Бул тууралуу “Football Italia”басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык маселе бул ирет футболчудан же агент, менеджерлерден чыккан эмес.

Атактуу футболчунун “Миланга” келишине үй-бүлөсү каршы чыгып жатканы айтылууда. Златан Ибрагимовичтин келинчеги жана балдары Калифорниядан кеткиси келбей жатат. Ал эми “Милан” клубу футболчунун жарым айга келишим түзүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан.

Ибрагимович 2010 - 2012 - жылдары “Милан” клубунда ойногон. Бул команда менен чемпионаты жана Италия Суперкубогун жеңип алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-мартта Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубу менен коштошуп, «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөн. Атактуу футболчу «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, Англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!