Футболчу алтын капталган стейк жеп, талкууга түштү

Футболчу алтын капталган стейк жеп, талкууга түштү
10-Янв. 2019, Бейшемби, 15:25

Мюнхендин “Бавария” футбол клубунун жарым коргоочусу Франк Рибери 1200 евролук “Алтын стейк” жеп, социалдык тармактарда катуу талкууга калды. Рибери Twitter баракчасына койгон видеосу талкууланып, футболчу аларга катуу жооп кайтарган. Франк Рибери Дубай шаарындагы ресторанда атактуу түрк ашпозчусу Нусрет Гекченин колунан “Алтын стейк” жегени социалдык тармакта катуу талкууга алынып, аны бош ысырапкерчилик менен күнөөлөшкөн. Мындай сындарга катуу капаланган футболчу “Көрөалбастар жана ичитарлар” деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп, сөгүнүп жооп берген.

35 жаштагы Мюнхендин “Бавария” футбол клубунун жарым коргоочусу Франк Рибери Германиянын 7 жолку чемпиону, 5 жолу улуттук кубокту жеңип алган жана 2012/2013 сезондо Чемпиондор лигасын жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР