​Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан Түштүк Корея менен беттешет

​Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан Түштүк Корея менен беттешет
11-Янв. 2019, Жума, 11:05

Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан Азия кубогунун экинчи айлампасы алкагында Кыргызстан курама командасы бүгүн Түштүк Корея менен беттешет.

Беттешүү Аль-Айн шаарында “Hazza Bin Zayed” стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Кыргызстан чемпионаттын биринчи турунда Кытай командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде утулуп калган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Азия кубогу Бириккен Араб Эмирликтеринде 2019-жылы 5-январдан тартып 1-февраль аралыгына чейин өтөт. Азия кубогунун 24 командасынын оюндары 8 стадиондо болот. Финалдык оюн "Zayed Sports City" стадионунда 1-февралда өтөт.

"КТРК Спорт" телеканалы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык стадиядагы бардык оюндарын түз алып көрсөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!