​Неймардын атасы “Барселона” өкүлдөрү менен жашыруун жолукту

​Неймардын атасы “Барселона” өкүлдөрү менен жашыруун жолукту
11-Янв. 2019, Жума, 13:21

Бразилиялык футболчу “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймар «Барселонага» кайтып келеби? Бул тууралуу “Football Espana” басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык Неймардын атасы жана агенти “Барселона” өкүлү Андре Кари менен Бразилияда жашыруун жолуккан. Бул жолугушууга атактуу футбол агенти Пини Захави дагы катышкан. Мындай жолугушуулар 2018-жылдын ноябрь айында Лондон шаарында да болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы август айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!