​Роналдудан ДНК үлгүсү алынат

​Роналдудан  ДНК үлгүсү алынат
11-Янв. 2019, Жума, 14:27

АКШ полициясы португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун ДНК үлгүсүн алууга ордер берди. Бул тууралуу “Еurosport” басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык муну менен тергөөчүлөр америкалык студент Кэтрин Майорго Криштиану Роналдунун зомбулук көрсөткөнүн тастыктаганы жатышат. Америкалык студент кыз Роналду ага карата зомбулук кылганын айтып чыккан.

Атактуу футболчудан ДНК үлгүсүн алуу ордери Италияга жөнөтүлгөн.

Криштиану Роналдунун жактоочусу Питер Кристиансен: “Мында таң кала турган эч нерсе жок, бул адаттагы эле тергөө иштеринин бир талабы” деп билдирди.

Кристиансен “Роналду 2009-жылкы окуя эки жактын көңүлү менен болгондугун айтып келет. Демек, ДНКдан эч кандай өзгөрүү деле болбойт” деп кошумчалады.

Эсиңиздерге сала кетсек, америкалык студент кыз Катрин Майорга Криштиану Роналду ага карата зомбулук көрсөткөнүн айтып чыккан. Катрин окуя 2009-жылы Лас-Вегас шаарында болгондугун жана Роналду кызга ооз басырык үчүн 375 миң доллар төлөгөнүн “Spiegel” журналына кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча  милдеттерди биргелешип чече алабыз
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чече алабыз
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту