​Азия Кубогу: Кыргызстан Түштүк Кореядан жеңилди

​Азия Кубогу: Кыргызстан Түштүк Кореядан жеңилди
12-Янв. 2019, Ишемби, 10:03

Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан Азия кубогунун экинчи айлампасы алкагында Кыргызстан курама командасы Түштүк Кореядан 0:1 эсеби менен утулуп калды.

Оюндун 41-мүнөтүндө кореялыктар эсепти 1:0гө айлантты. 1-таймда оюн Түштүк Кореянын көзөмөлүндө болгону менен Кыргызстандын курамасы кооптуу чабуулдарды жасады.

Эми «С» тайпасындагы Кытай менен Түштүк Корея Азия кубогунун плей-офф баскычына ишенимдүү чыгышат. Алардын куржунунда 6дан упайлары бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппин курамаларында азырынча упай жок. Кыргызстан курама командасынын кезектеги оюну 16-январда Филиппин менен болот.

Кыргызстан чемпионаттын биринчи турунда Кытай командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде утулуп калган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Азия кубогу Бириккен Араб Эмирликтеринде 2019-жылы 5-январдан тартып 1-февраль аралыгына чейин өтөт. Азия кубогунун 24 командасынын оюндары 8 стадиондо болот. Финалдык оюн "Zayed Sports City" стадионунда 1-февралда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда