​Олимпиада комитеттинин башчысы коррупция менен айыпталууда

​Олимпиада комитеттинин башчысы коррупция менен айыпталууда
12-Янв. 2019, Ишемби, 11:20

Жапониянын Олимпиада комитетинин башчысы Цунэкадзу Такэде коррупция менен шектелүүдө. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жазууда.

Маалыматка ылайык Франция тергөөчүлөрү 2013-жылы “Олимпиада-2020” оюндарын жеңип алган Токионун жеңишин жашыруун банк операцияларынан улам ишке ашкандыгы белгиленген. Анда жапондор африкалык өкүлдөрдүн добуштарын сатып алгандыгы айтылууда.

Ал эми Жапон Олимпиада комитеттинин башчысы Цунэкадзу Такэде мындай айыптоолорду четке кагып,эч кандай мыйзам тышы аракеттери болбогондугун билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, мында 2 миллион өлчөмүндөгү акча каражаты тууралуу болууда. Бул териштирүү үч жылдан бери уланып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!