Таэквондо боюнча чемпионат башталды

Таэквондо боюнча чемпионат башталды
24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бишкекте 22-апрелде таэквондо-ITF боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан жалпы 500дөн ашуун спортчу катышууда.

Мелдештин ачылышы салтанатына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Эл аралык таэквондо-ITF федерациясынын президенти Чой Жунг Хва, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, КРнын таэквондо федерациясынын президенти Эдуард Хегай катышты.

Төрага өз сөзүндө мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап, "спортчулардын тажрыйба алмашуусунда" мындай таймаштарды ролу чоң деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!