Өспүрүмдөрдүн мелдеши жыйынтыкталды

Өспүрүмдөрдүн мелдеши жыйынтыкталды
24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Чүйдө ушу боюнча Кыргызстандын мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдешке 11 жаштан жана андан жогорку курактагы өспүрүм балдар арасында Бишкектен жана өлкөнүн бир катар аймагынан: Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облусунан келген спортчулар катышты.

Спортчулар ушунун бир катар түрү боюнча таймашка чыгышты. Жалпы 30дан ашуун түрү боюнча күч сынашты. Соңунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөр Кыргызстандын атынан Тайванда өтүүчү мелдешке, Ушу боюнча дүйнө чемпиондугуна (Россия, Казань) катышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!