Азия кубогу: Катар курамасы чемпионатты утуп алды

Азия кубогу: Катар курамасы чемпионатты утуп алды
2-Фев. 2019, Ишемби, 11:13

Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан Азия кубогунун финалында Катардын улуттук курама командасы утуп алды. Алар финалда Жапония менен ойноп 3:1 эсебинде жеңди.

Катар Азия кубогунун тарыхында бир да жолу чемпион болгон эмес. Ал эми Жапония Азия чемпионатын буга чейин төрт жолу утуп, кубокту эң көп уткан мамлекет болуп саналат.

Быйылкы Азия кубогуна тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын улуттук курама командасы катышып, 1/8 финалында Бириккен Араб Эмирлиги курамына 3:2 эсебинде жеңилген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Азия кубогу Бириккен Араб Эмирликтеринде 2019-жылы 5-январдан тартып 1-февраль аралыгына чейин өттү. Азия кубогунун 24 командасынын оюндары 8 стадиондо болуп, финалдык оюн кечээ Абу-Даби стадионунаКатар курама командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!