Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан Азия кубогунун эң көп гол тепкен футболчусу Катар курама командасынын чабуулчусу Альмоэз Али аталды. 22 жаштагы футболчу Азия оюндарында жалпысынан 7 беттешүүгө катышып, 9 гол киргизип рекорд койду.
Катар курама командасы финалда Жапонияны 3:1 эсебинде жеңип алды. Оюндун 12 мүнөтүндө Альмоэз Али эсепти ачып берген.
Ал бул ийгилиги менен 23 жыл мурдагы рекордду кайталады. Анда 1996-жылы Ирандын мурдагы чабуулчусу Али Даеи 8 гол киргизип, мыкты футболчу аталган.
Ал эми Азия Кубогунун эң мыкты дарбазачысы Катар курама командасынын голкипери Саад Аль-Шеб («Аль-Садд») аталды. Ал болгону бир гана гол киргизип алган.
Бул ийгиликтери үчүн Альмоэз Али 30 000 доллар, Саад Аль-Шеб –10 000 доллар сыйлык алышат.