​Хоккей беттешүүсүндө мушташ чыкты (видео)

​Хоккей беттешүүсүндө мушташ чыкты (видео)
6-Фев. 2019, Шаршемби, 13:33

Канаданын студенттик лигасы алкагындагы "Акадия Аксмен" жана "Сент Фрэнсис Хавьер" командаларынын беттешүүсү массалык мушташ менен аяктады. “РИА Новости” агенттигинин маалыматына караганда кезектеги үчүнчү голдон кийин хоккейчилер тиреше кеткен. Ага башка оюнчулардын кошулуусу менен катуу мушташ башталган.

Бул жанжал күчөп, отургучтарда отурган хоккейчилер жана машыктыруучулар дагы кошулган.


Мушташтын натыйжасында "Акадия Аксмендин" сегиз оюнчусу жана "Сент Фрэнсис Хавьер" командасынын беш хоккейчиси, мындан тышкары башкы машыктыруучулар оюндан чыгарылган. Аларга 310 мүнөт жаза берилген.

Учурда жанжалдын чыгуу себептери териштирилип,жаза берүү каралып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!