​Жозе Моуриньо бир жылга эркинен ажыратылды

​Жозе Моуриньо бир жылга эркинен ажыратылды
6-Фев. 2019, Шаршемби, 14:46

"Манчестер Юнайтед" футбол клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу Жозе Моуринью бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Спорт-Экспресс" басылмасы жазууда.

Өткөн жылдын аягында "Манчестер Юнайтед" футбол клубунан кеткен Жозе Моуринью Испания соттунун бүтүмүнө ылайык бир жылга эркинен ажыратылып, 2 миллион евро айып пул төлөйт.

2018-жылдын май айында Жозе салыктан качуу боюнча эки кылмыш иши катталган. Алар атактуу машыктыруучунун 2011 – 2012- жылдардагы “Реал Мадрид” командасында иштеп жаткан учурда болгон.Салык боюнча мыйзамды бузуу 3,3 миллион евро өлчөмүндө бааланган.

Испания мыйзамдарына ылайык эгер айыпкер тартипти алгач ирет бузуп жатса, абактагы мөөнөтү айыппулга алмаштырылат. Атактуу машыктыруучунун дагы шарттуу түрдө абакка алынаары белгиленди

Мындай жол мененфутбол жылдыздары Криштиану Роналду жана Лионель Месси да абактан кутулган болчу.

Жозе Моуринью "Манчестер Юнайтед" клубунда 2016-жылдан бери жетектеп келди. Анын жетекчилиги астында 2015-жылы Англиянын Суперкубогун, Англия лигасынын Кубогун (2016/17) жана Европа лигасын 2016/17 сезондо жеңип алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Абылгазиев:
Абылгазиев:"Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек"
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Чыпалак баатыр:
Чыпалак баатыр: "Мен 100 процент нормальный адаммын!" (видео)
Жырткыч жаныбар табылды
Жырткыч жаныбар табылды
Султан Садыралиевдин жаңы ыры  хитке айланабы? (видео)
Султан Садыралиевдин жаңы ыры хитке айланабы? (видео)
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Ашраф Ганини ШКУнун жыйынында күтөбүз"
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды