9-майга карата ат оюндары өткөрүлөт

9-майга карата ат оюндары өткөрүлөт
26-Апр. 2017, Шаршемби

4-9-майга чейин Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында спорттук ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ат оюндар Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында, Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына арналган.

Иш-чарада улуттук спорт оюндарынын дирекциясы тарабынан бир катар кыргыз улуттук ат оюндары көрсөтүлмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!