​Крестинин футбол федерациясы менен келишимин узартты

​Крестинин футбол федерациясы менен келишимин узартты
11-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 13:18

Футбол боюнча Кыргызстандын федерациясы улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен келишимин узартты. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы келишимге 10-февралда кол коюлган. Эми Александр Крестинин улуттук курама команданы 2022-жылы боло турган Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна даярдамай болду.

Александр Крестинин улуттук курама менен бирге иштей турганына кубанычта экендигин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!