​Салах “Ювентуска” өтөбү?

​Салах “Ювентуска” өтөбү?
12-Фев. 2019, Шейшемби, 13:43

Египеттик фуболчусу, англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах туриндик “Ювентус” клубуна өтөт. Бул тууралуу "Советский спорт" басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык Салах аргентиналык футболчу Пауло Дибаленин ордуна барат. Италиялык футбол клубу бул трансфер үчүн 200 млн евро төлөөгө даяр. Буга кошумча бул алмашууну “Ювентус”клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду колдогону айтылууда.

Салах үстүбуздөгү сезондо 26 беттешүүгө катышып, 17 гол киргизген.

Эсиңиздерге сала кетсек, египеттик атактуу футболчу англиянын Премьер-лигасынын жылдын мыкты футболчусу тандалган. Былтыркы сезондо Салах “Ливерпуль” командасы менен 52 матчка катышып, 44 гол жана 15 натыйжалуу жыйынтык көргөзө алган. Буга кошумча Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына татыктуу болгон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!