Шахмат боюнча мелдеш башталды

Шахмат боюнча мелдеш башталды
27-Апр. 2017, Бейшемби

Бишкекте “Арча-Бешик” конушундагы ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өспүрүм жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мелдештин ачылыш салтанатына мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын орун басары Марат Узупбеков жана КРнын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов катышты.

Бишкектеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасындагы мелдеште балдар эки “А” жан “В” категорияга бөлүнүшкөн.

8-14 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн мелдеши 29-апрелде жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!