Суучулдар Ашхабадда беш медаль утту

Суучулдар Ашхабадда беш медаль утту
28-Апр. 2017, Жума

Кыргызстандык суучулдар Ашхабадда өткөн Борбор Азиянын чемпионатынын алгачкы күнүндө беш медалга ээ болду. Бул тууралуу КРнын сууда сүзүү боюнча федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 26-27-апрель күндөрү Түркмөнистандын борбору Ашхабадда сууда сүзүү боюнча Борбор Азиянын чемпионаты өтүүдө.

Анда Кыргызстандын барган 5 спортчу катышууда. Мелдештин жүрүшүндө Владислав Шулико, Станислав Карнаухов күмүш тагынса, Артем Камарда, Темирлан Каратаев, Кристина Панасенко коло байгени утуп алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!