​Зидан “Реалга”машыктыруучу болууга кандайча макул болду

​Зидан “Реалга”машыктыруучу болууга кандайча макул болду
12-Март 2019, Шейшемби, 14:58

Француз адиси Зинедин Зидан кайрадан мадриддик “Реал” командасынын башкы машыктыруучу болду. Атактуу машыктыруучу менен келишим 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлдү. Анын кандай келишим менен макул болгонду төмөндө:

- Команданы жеке өзү толугу менен көзөмөлдөйт

- Ишенбеген футболчуларды өзү кетире алат

- Марсело менен Иско командадан кетпейт жана сатылбайт

- Неймар “Реалга” келбейт

- Хамес кайра кайрылбайт

- Мбаппени алууга аракет жасайт.

46 жаштагы француз адиси 2016-жылдан 2018-жылдын 1-июнуна чейин “падышалык клубдун” башкы машыктыруучусу болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Зинедин Зидандын жетекчилиги астында “Реал” команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун, бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!