​Конор Макрегор каракчылык менен кармалды

​Конор Макрегор каракчылык менен кармалды
13-Март 2019, Шаршемби, 10:07

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор АКШда адам тоноого айыпталып кармалды. Бул тууралуу Флорида полициясы билдиргендигин батыштын ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык атактуу мушкер бир адам сүрөткө түшөйүн дегенде аны уруп, телефонун алып кеткен. Кеткен чыгым миң доллардан ашкан.

Полициянын айтымына караганда окуя кечээ болгон. Анда мушкер мейманканадан чыгып келаткан. Спортчу менен сүрөткө түшөйүн дегенде Макрегор сабыры кетип,тепкилеп салган.Учурда мушкердин соту качан болоору айтыла элек.

Эсиңиздерге сала кетсек, Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!