​Хет-трик: Роналду “Ювентусту” чейрек финалга жакындатты

​Хет-трик: Роналду “Ювентусту” чейрек финалга жакындатты
13-Март 2019, Шаршемби, 10:29

Португалиялык футболчу, туриндик “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду “Атлетика” менен болгон беттешүүдө хет-трик жасады. Муну менен атактуу футболчу 3:0 эсеби менен “Ювентус” клубун Чемпиондор лигасынын чейрек финалына жеткирди. Ал 27-49-86- мүнөттөрдө айырмалана алды. Соңку голу пенальти менен тепти.

Чемпиондор лигасынын чейрек финалга киргендер бүгүн аныкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!