​Дене тарбия мугалими окуучусуна зомбулук кылып жүргөн

​Дене тарбия мугалими окуучусуна зомбулук кылып жүргөн
13-Март 2019, Шаршемби, 11:39

Саха мамлекетиндеги мектептин дене тарбия мугалими 13 жаштагы кызды спорт залда жарым жыл бою зордуктап жүргөн. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык укук коргоо кызматкерлердин айтымында Якутск шаарынын чет жакасындагы мектептин биринде дене тарбия мугалими 13 жаштагы кызга 29 жолу жыныстык зомбулук көргөзгөн. Бул нерсе унаада жана батирде кайталанган.

Жабырлануучунун ата-энеси экөөнүн каты аркылуу билип калган. Кылмышкер кармалгандан кийин дароо жумуштан алынган. Окуучу кыз психологдордун жардамына муктаж.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!