​Чемпиондор Лигасынын чейрек финалчылара аныкталды

​Чемпиондор Лигасынын чейрек финалчылара аныкталды
14-Март 2019, Бейшемби, 11:10

Чемпиондор Лигасынын чейрек финалчыларынын баары аныкталды. 1/8 финалынын жооптук беттешүүлөрү кечээ аяктады. “Барселона” өз талаасында “Лионду” 5:1 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өттү. Ал эми “Ливерпуль” 3:1 эсебинде “Бавария” командасынын жеңип, чейрек финалга кошулду.

Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалына өткөндөрдүн толук тизмеси төмөндөгүчө:

«Ливерпуль», «Манчестер Сити», «Манчестер Юнайтед», «Тоттенхэм Хотспур» (баары — Англия), «Ювентус» (Италия), «Барселона» (Испания), «Порту» (Португалия), «Аякс» (Нидерландия).

Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын чучу кулак кармашуусу эртең өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!