​Криштиану Роналду эң атактуу спортчу аталды

​Криштиану Роналду эң атактуу спортчу аталды
14-Март 2019, Бейшемби, 13:50

Португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду америкалык ESPN спорт каналынын версиясы боюнча 2018-жылдын эң атактуу спортчусу аталды. Бул номинацияны алууда гонорарлары, жарнамадан түшкөн кирешелери, социалдык тармактагы атактуулугу жана издөө суроо-талаптары эске алынат.

Экинчи орунда "Лос-Анджелес Лейкерс" клубунун баскетболчусу Леброн Джеймс, үчүнчү орунда “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси турат.

Мындан тышкары алдыңкы ондукка "Пари Сен-Жермен" клубунан Неймар, UFC мушкери Конор Макгрегор, теннисчилер Роджер Федерер, Вират Кохли, Рафаэль Надаль жана баскетболчу Стефен Карри кирген.

Ал эми UFCнын жеңил салмактагы орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов 15-орунга илинген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!