​Зинедин Зидандын “Реалдагы” айлыгы айтылды

​Зинедин Зидандын “Реалдагы” айлыгы айтылды
15-Март 2019, Жума, 10:25

Француз адиси Зинедин Зидан бул жумадан баштап кайрадан мадриддик “Реал” командасынын башкы машыктыруучусу болду. Атактуу машыктыруучу бир топ шарттар менен кошо айлыгы да жогорулаган. Эми Зинедин Зидан “Реалдан” жылына 12 миллион евро айлык алат. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты.

Маалыматка ылайык бул 2018-жылы жазындагы “Реалда” иштеп жүргөндөгү алган айлыгынан бир канча эсеге жогору: Анда француз адисинин айлыгы жылына 7,5 миллион евро болгон.

Басылма Зидандын айлыгынын өсүү динамикасын да жарыялаган. Ага ылайык 2016-жылы Зидан негизги командага машыктыруусу болуп, жылына 2,5 миллион евро алчу. Андан кийин айлыгы 5,5 млн, кийин 7,5 миллионго жогорулаган.

46 жаштагы француз адиси 2016-жылдан 2018-жылдын 1-июнуна чейин “падышалык клубдун” башкы машыктыруучусу болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Зинедин Зидандын жетекчилиги астында “Реал” команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун, бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!