​Тони Фергюсон Хабибди мелдешке чакырды

​Тони Фергюсон Хабибди мелдешке чакырды
15-Март 2019, Жума, 10:59

ММА америкалык мушкери Тони Фергюсон жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедовду таймашка чакырды. Бул тууралуу Тони Фергюсон твиттер баракчасына өзүнүн чакыруусун жарыялаган. Анда орусиялык чемпионду наамын сактап калууга чакырык жасаган. Америкалык мушкердин пикири боюнча эгерде Хабиб Нурмагомедов бул таймашуудан баш тартса, анда Хабиб чемпиондук курун тапшыруусу керек.

ММА америкалык мушкери Тони Фергюсон “ Мен Хабиб менен таймашууга даярмын. Өзүңдү сакта же ордуңду бошот” деп чакыруу таштады.

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!