​УЕФА Неймарга жаза берет

​УЕФА Неймарга жаза берет
15-Март 2019, Жума, 12:20

Европанын футбол Ассоциацияларынын бирлиги (УЕФА) "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Неймарды жазалоого чечим кабыл алды. Эми атактуу футболчу алдыдагы 3 беттешүүгө катыша албайт. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык Неймар евроклубдун Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында "Манчестер Юнайтед" (1:3) менен беттешүүсүнөн кийин чуу чыгарган.

Тагыраак айтканда, Неймар жаратынын айынын Парижде ойногон эмес, бирок беттешүүнүн соңунда калыстардын бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылган. Себеби, калыстардын ишине абдан нааразы болгондугу айтылууда.

Бул кылыгы үчүн Европанын футбол Ассоциацияларынын бирлиги (УЕФА) "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Неймарга тартип ишин козгоду.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы август айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР