​Чемпиондор Лигасынын чейрек финал чучу кулак кармалды

​Чемпиондор Лигасынын чейрек финал чучу кулак кармалды
16-Март 2019, Ишемби, 11:03

Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын 1/4 этабынын чучу кулак кармалды. Бул тууралуу Европа футбол ассоциациясынын (UEFA) расмий сайтында маалымдалды.

Чучу кулак кармоонун жыйынтыгында Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыга турган жуптар аныкталды:

"Аякс" (Нидерланды) – "Ювентус" (Италия)

"Ливерпуль" (Англия) – "Порту" (Португалия)

"Тоттенхэм Хотспур" (Англия) – "Манчестер Сити" (Англия)

"Барселона" (Испания) – "Манчестер Юнайтед" (Англия)

Биринчи беттешүүлөр 9-10-апрелде өткөрүлөт. Жооптук оюндар болсо 16-17-апрелде өтөт.

Ал эми жарым финалдар 30-апрель жана 1-майда, жооптук беттешүүлөр 7- 8- майда өткөрүлөт.

Финал болсо 2019-жылдын 1-июнуна белгиленди. Буд бүйүрдү кызыткан беттешүү Мадрид шаарынын "Ванда Метрополитано" стадионда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР