​Криштиану Роналду Португалия курамына чакырылды

​Криштиану Роналду Португалия курамына чакырылды
16-Март 2019, Ишемби, 11:40

Туриндик “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынан кийин биринчи жолу Португалия курамына чакырылды. Бул тууралуу Португалия футбол федерациянын расмий сайтында жазылууда. Маалыматка ылайык 34 жаштагы форвард 2020-жылы өтө турган Европа чемпионатынын тандоо туруна даярдыктардын алкагындагы Португалия курамынын 25 футболчусунун арасына кирди.

Ага ылайык португалиялык футболчулар 22-мартта Украина жана 25-мартта сербиялыктар менен Лиссабон шаарында беттешет.

Криштиану Роналду Португалия курама командасынын эң көп беттешүүлөргө катышкан рекортчусу саналат. Ал жалпысынан 154 оюнга катышып, 85 гол киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!