9-май: спорттук иш-чаралардын тизмеси

9-май: спорттук иш-чаралардын тизмеси
2-Май 2017, Шейшемби

Улуу Ата Мекендик жеңиштин 72 жылдыгына карата спорттук иш-чаралардын программасын жарыяланды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук оюндар 6-майдан башталат. Анда тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын кубогу 6-майдан 11-майга чейин А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканада өткөрүлөт. Ага Бишкектен, областтардан жана жакынкы коңшу өлкөлөрдөн спортчулары катышмакчы. Мелдеш кыз-келиндер, эркектер жана 12 жаштан өйдө курактагы кыздар-балдар арасында болмокчу.

Кыргыз күрөш

9-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча турнир өткөрүлөт. Республикалык деңгээлдеги мелдеште Бишкек, Ош шаарларынын жана өлкөнүн жети дубанынын балбандары күч сынашат.

Ат оюндары

9-майда "Ак-Кула" ат майданында Жеңиш күнүнө жана СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун, белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары башталат.

Көк бөрү

Спорттук иш-чаранын программасына көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун оюндары кирет. 3-май күнү саат 17:00дө чучу кулак кармалып, 4-майдан 7-майга чейин көк бөрүнүн тайпалык этаптары болот. Үчүнчү орун үчүн мелдеш жана финалдык оюн 9-майда болот.

Мындан сырткары, майрам күнү ат чабыштын тогуз түрү уюштурулуп, эр эңиш жана салбуурун өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында "Тайманбас" федерациясынын каскадерлору жана спортчулары да өз өнөрлөрүн тартуулашат.

9-май күнү «Ак-Кула» ат майданында өтө турган улуттук оюндардын программасы:

08:30дан –09:30га чейин — эр эңиш оюнунун финалы;

09:30дан –11:00гө чейин — көк бөрү (үчүнчү орун үчүн мелдеш);

11:00дөн –11:30га чейин — салбуурун;

11:30дан –12:00гө чейин — каскадерлор өнөрүн тартуулайт;

12:00дөн –13:30га чейин — көк бөрү (финал);

14:00дөн –18:00гө чейин— ат чабыш (тогуз түрү).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!