Султай Чыңгыз коло байгеге ээ болду

Султай Чыңгыз коло байгеге ээ болду
2-Май 2017, Шейшемби

Кыргызстандык жаш шахматчы Султай Чыңгыз Румынияда өткөн шахмат боюнча мектеп окуучулары арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу КРнын шахмат федерациясынан билдиришти.

Жети жашка чейинки категорияда Султай Чыңгыз 9 тур оюн өткөрүп, 7 упай топтогон. Мелдештин жыйынтыгында өзбекстандык спортчу Хумоюн Бегмуратов алтын, азербайджандык Зия Маммадов күмүш тагынган. Кыргызстандык Чыңгыз Султай коло медалдын ээси болуп, Кыргызстандын мектеп окуучулар арасындагы дүйнө чемпионунда алгачкы мелдалдын алып, ага ФИДЕ чеберине талапкер титулу ыйгарылды.

Эске салсак, дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнүн 65 спортчу катышкан мелдешке Чыңгыз Султай Кыргызстандын атынан жалгыз катышкан спортчу болду. Ал машыктыруучу Азиз Умарбековдун шакирти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!