Волейбол: мэрдин кубогу өтүп жатат

Волейбол: мэрдин кубогу өтүп жатат
2-Май 2017, Шейшемби

Бүгүн, 2-майда Ош шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргызстандын волейбол боюнча клубдар аралык кыз-келиндер арасында Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш башталды.

Мелдештин ачылыш аземине шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, мелдештин катышуучулары жана спорт күйөрмандары катышты.

“Бул мелдеш быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулуп, ага өлкөнүн эң күчтүү клубдарынын командалары катышууда. Мелдештин негизги максаты спорттун волейбол түрүн калк арасында жайылтуу, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Буюрса мелдешти жыл сайын салттуу түрдө өткөрүүнү пландап жатабыз”,-деди А.Кадырбаев.

Аталган мелдешке жалпысынан 11 команда катышууда. Байге фонду 300 миң сомду түзүп, жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Мелдеш эртен 3-майда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!