​Хабиб Нурмагомедов: Саясат? Жок, бүркүт учушу керек!

​Хабиб Нурмагомедов: Саясат? Жок, бүркүт учушу керек!
11-Апр. 2019, Бейшемби, 11:47

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов саясатка барайын деген эч кандай каалоосу болбогондугун айтып чыкты. Бул тууралуу “ТАСС” агенттиги жазууда. Маалыматка ылайык атактуу мушкер саясаттан алыс болууну каалайт

Хабиб Нурмагомедов “Азырынча саясат тууралуу ойлоно элекмин. Учурда саясаты жок эле, элге керегим тийип жатат. Мен эркин болгум келет. Саясатта адам өзүн толугу менен арнашы керек” деди

“Билесиңерди,бүркүт учушу керек. Ал бир жерде отура албайт. Бир бөлмөдө отуруу мага тардык кылат. Таңкы саат 8де келип,5те кетүү...Мен үчүн тажатма режим болуп калат”,- деп кошумчалады.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!