​Лионель Мессинин мурдун сындырган футболчу жаза алган жок

​Лионель Мессинин мурдун сындырган футболчу жаза алган жок
11-Апр. 2019, Бейшемби, 15:23

Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында Лионель Мессини чыканагы менен мурдун сындырган “Манчестер Юнайтед” командасынын футболчусу Крис Смоллингге сары карточка берилген эмес. Англиялык футболчу 30 мүнөттө чыканагы менен Мессини бетке коюп алган. “Барселона” жана “Манчестер Юнайтед” командаларынын беттешүүдө башкы калыс бул окуяга унчукпай, сары карточка берилген эмес.

"Советский спорт" басылмасынын билдигенине караганда Мессиге дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок, футболчу оюнду уланта алган жок. Анын мурду сынып,шишип кеткендиги жана дем алуусу кыйындаганы айтылууда. Мындан тышкары каш тарабынан кан аккандыгы көрүлгөн.

Беттешүү 1:0 эсебинде “Барселона” командасынын жеңиши менен аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!