​Лионель Мессинин эгизи табылды (видео)

​Лионель Мессинин эгизи табылды (видео)
12-Апр. 2019, Жума, 11:46

Аргентиналык футболчу, “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин окшошу, бул жолу Азербайжандан чыкты. Бул тууралуу Xəzər TV атайын репортаж даярдаган. Маалыматка ылайык футбол жылдызынын окшошу Роял Агамалыев Мессиге окшоштугу менен атактуу болгон. Көпчүлүк аны чын кабыл алышып сүрөткө түшүп, кол тамга алышууда.

Анын чач жасалгасы, сакалы, келбети жада калса бою дагы “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Мессиге эгизиндей окшошуп турат. Роял тажрыйбалуу футболчу эмес, бирок спорттун ушул түрү менен машыгат. Ал топту чеберчилик менен колдонуп, дайыма достору менен футбол ойноп турат.

Азербайжандык Месси аргентиналык эгизи менен жолугууну кыялданып келет. Роял социалдык тармак боюнча байланышууга аракет жасаган бирок учурда жооп ала элек.

Видеону бул жерден көрүүгө болот:https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=iadG2_TryDY

Учурда Роял футболчу болууга кеч калса да уулун футбол менен машыктырууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Лионель Месси "Барселона" клубуна 2003-жылы келген. Андан бери Испаниянын 9 жолку чемпиону, Чемпиондук лигасынын 4 жолку жеңүүчүсү жана футбол тарыхында 5 жолу "алтын топтун" ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты